ШИФЕР

ТҮТҮКТӨР

ЧЕРЕПИЦА

PROFIB

PRODEK

ЧЕРЕПИЦА - ТОЛКУНДУУ

ТОЛКУНДУУ ЧЕРЕПИЦА

ТОЛКУНДУУ

Толкундуу Черепица — бул жагымдуу бети бар классикалык толкун формасындагы заманбап фиброцементтик черепица. Беттин ийкемдүү толкун формасы чатырга өзгөчө көрк жана жарыктан көлөкөгө жумшак өтүүнүн аркасында бөтөнчө шайкештикти берет.

Толкундуу черепица менен чатыр жабуу каныккан түстөрдүн аркасында дайыма элеганттуу, жагымдуу жана жаңы көрүнөт. Черепицанын бул модели классикалык дагы, заманбап дагы стилде аткарылган курулуштар үчүн ылайык келет.

 

Фиброцементтик толкундуу черепица цементтен, кумдан, суудан жана уникалдуу кошулмалардан даярдалат. Өндүрүштүн финалдык этабында черепица атайын боек катмары менен жабылат, ал черепицанын бетин жылмакай жана күн нурларынан күйүп кетүүгө карата туруктуу кылат. Каптам узак убакыт черепицанын түсүнүн баштапкы ачыктыгын сактайт жана чатырда чаңдын жана кирдин топтолушунун алдын алат. Буга кошумча мындай каптам черепицаны мох жана көк басуудан коргойт.

Эстетикалык жагымдуулугунан тышкары толкундуу черепица техникалык тарабында көптөгөн артыкчылыктарга ээ болот. Черепицанын бул модели атайын иштелип чыккан универсалдуу параметрлерге ээ болот, алар ар кандай аянттагы жана геометриялык формадагы чатырларды жабуу үчүн ылайык келет. Черепица плиталарын илиштирүүнүн заманбап конструкциясы чатырдын татаал формаларын дагы ийкемдүү ийүүнү шарттайт, мында курулушту нымдын ичке кирүүсүнөн ишенимдүү коргойт.

Өлчөмү:..................... 424x335 мм.

Бычуу өлчөмү: .................363x303 мм.

1 чарчы метрдин салмагы:................26 кг.

1 чарчы метрге чыгымы:..........9,09 даана

ТОЛКУНДУУ ЧЕРЕПИЦАНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Экологиялык таза материал
  • Оңой куралат
  • Шамалга чыдамдуулук
  • Радио толкундар үчүн өткөргүчтүк
  • Жогорку суукка чыдамдуулук
  • Отко чыдамдуулук

ТОЛКУНДУУ ЧЕРЕПИЦАНЫ КОЛДОНУУ

ЧЕРЕПИЦАНЫ ОРНОТУУ

  • Өндүрүш

    Бизде продукциянын кеңири ассортименти бар. Биздин каталогго баш багып, продукцияларыбызга баа бериңиз.

  • Кайдан сатып алууга болот?

    Сиз биздин продукцияны сатып алууга боло турган филиалдардын даректери